Бишкек казыяты Баткенден эвакуацияланган жарандарга 1 тонна азык-түлүк тапшырды

Бишкек шаардык мусулмандарынын казыяты Баткенден эвакуацияланган 46 үй-бүлөгө борбор калаадагы мечиттерден топтолгон жаңы кийим-кече жана 1 тонна азык-түлүктү тапшырды. Бул аманат ишти шаардын казысы өз көзөмөлүнө алып, топтолгон жардамдарды өз ээлерине жеткирилишин камсыздады. Шакир ажы Маматов Баткенден келген жарандарга сабыр жана кайрат тилеп, буларга токтолду:

 «Сиздер жалгыз эмессиздер. Артыңыздарда бүтүндөй кыргыз эли турат. Баарыбыз кан жутуп, болуп өткөн окуяларга жүрөгүбүз сыздап турабыз. Бул окуяда бүткүл Кыргызстан эли бир муштумга биригип, ынтымагыбызды көрсөттүк. Ушул күндөр да өтүп, жергебизде тынчтык орношун Алла Тааладан суранып кетебиз».

Эскерте кетсек, казыят буга чейин да Баткен облусуна жардам жолдогон.