Муфтият КР ДИМК менен биргеликте диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө окутуу семинарын уюштурду

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте (КР ДИМК) «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» ишке ашыруу максатында диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдардын аткарылышы жана мамлекеттик саясаттын жөнгө салынышы, коопсуздук маселелери, радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча эки күндүк окутуу семинарын уюштурду.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев, КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышты. Окутууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү, мамлекеттик башкаруу формасы, Конституциясы, мамлекеттик символикалары, коопсуздук маселелери, Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар жана экстремизмдин алдын алуу, Матуридий акыйдасы жана Ханафий мазхабы, ошондой эле 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы ж.б. темаларда баяндар жасалды.

Семинардын максаты светтик мамлекеттин алкагында мамлекет менен исламдын өз ара аракеттенүүдө академиялык аянтчаларды түзүп, дин тутуу эркиндиги, диний сабаттуулугун жогорулатуу, адам укуктары, коомдогу туруктуулук, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө жана маалыматтуулугун кеңейтүү болуп саналат.

Эскерте кетсек, окутуу семинары аяктаганда тестирлөө жүргүзүлүп, сертификаттар тапшырылмакчы.