Жалал-Абад шаарындагы мечиттерде ишембиликтер өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Ислам ажы Амиршаевдин демилгеси менен мечиттерде «Тазалык – бул ыймандан» аттуу ишембиликтер өткөрүлдү. Тазалык иш-чарасына шаардын имамдары жана мечиттердин жамааты активдүү катышты.

«Динибиз тазалыктын үстүнө курулган. Бүгүнкү тазалык иш-чарасына катышкан имамдарыбызга жана жамааттарыбызга терең ыраазычылык билдирем. Шаарыбыздагы дин кызматкерлери буга чейинки шаардык деңгээлдеги кандай гана иш-чаралар болбосун, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, салымдарын кошуп келишет», – деди Ислам ажы.

Эскерте кетсек, күз мезгилинин келгенине байланыштуу Азирети Муфтий мечиттерде жана мечит короолорунда ишембиликтерди өткөрүү боюнча тапшырма берген.