Манас районунун имамдары кварталдык отчётторун берди

Талас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев Манас районунун имамдарына жыйын өткөрүп, соңку 3 ай аралыгында аткарган иштери тууралуу маалыматтык отчётторун укту.

Имамдар Муфтияттан жана казыяттан келген буйруктарды өз убагында аткаруу, зордук-зомбулуктун жана ысырапкерчиликтин алдын алуу, диний агымдардын таасиринин жайылышына, ошондой эле динге жана салт-санаага туура келбеген адаттарга жол бербөө боюнча маалымат беришти.

Район баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев имамдар элге үлгү болушу керектигин билдирүү менен калктын аярлуу катмарына кайрымдуулук иштерин колго алууну сунуштады.