Баткен шаарынын хатибияты эвакуацияланган жарандарга 100 миң сомдук кийим-кечелерди таратты

Баткен шаарынын баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун демилгеси жана жергиликтүү бийлик органдарынын уюштуруусу менен чек-арадагы окуяларда жабыр тарткан жарандарга лекция уюштурулду. Лекция Баткен шаарындагы №3 мектепке 3 күн бою өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты жабыр тарткан жарандарга руханий дем берүү менен бирге сабырдуулукка, ынтымакка жана биримдикке чакыруу, ошондой эле жалгыз жаратканга таянууга, жараткандан тилеп дуба кылып тилек айтууга үндөө болду. Муну менен катар 3 күн ысык тамак уюштурулду.

Аталган саамалыктын алкагында БатМУнун көп тармактуу коллежинде эвакуацияланган жарандарга Баткен шаарынын баш имам-хатиби тарабынан баасы 100 миң сомдон ашык турган жаңы кийим-кечелер таратылды.