«Ааламдын көркүн көз ачат»

Адамдын жаны Алла тарабынан берилген аманат. «Биринчи байлык ден соолук» деп айтылгандай эле, эч качан шүгүрсүз болбойлу. Анткени бизге чоң жакшылыктар берилген. Көпчүлүгүбүз тилекке каргы ал нерселер боюнча кабарсыз жүрөбүз. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Адамдар баркына жетпеген эки нерсе бар. Алар; ден-соолук жана бош убакыт», – деп айткан. Мына ошондуктан көп-көп шүгүр айтуубуз керек. Бул боюнча Кереметүү Куран төмөнкүдөй баяндайт:

(Эй, Мухаммед!) Айткын: «Ал силерди жоктон бар кылып, силерге угуу, көрүү жана туюуну жаратты. Силер аз шүгүр кылып жатасыңар!» (Мүлк сүрөсү, 23-аят).

 “Андан соң аны келбетин келтирген жана ага Өз рухунан үйлөгөн. Силерге кулак, көз жана жүрөк ыроологон. Силер аз шүгүр кыласыңар” (Сажда сүрөсү, 9-аят).

“Ал силер үчүн кулак, көз жана жүрөктү жараткан. Силер аз шүгүр кыласыңар!” (Муминун сүрөсү, 78-аят).

“Алла силерди энеңердин курсагынан эч нерсе билбеген абалда чыгарды да, силерге угуу, көрүү жана ойлоо жөндөмдөрүн берди. Балким шүгүр кыларсыңар” (Нахл сүрөсү, 78-аят).

Адамга ар дайым зарыл болгон сезүү органдарынын бири болгон көзүбүз убакыттын өтүүсү менен өз энергиясын коротуп, алсыз абалга келери белгилүү. Бул өмүр өтүп адам картайганда денеден күч кеткен сыяктуу нерсе. Бирок азыркы учурда көз өз энергиясын убагынан эрте түгөтүүсү заманбап технологиянын таасиринен деп айтсак да болот. Бирок учурдун талабына ылайык компьютер же телефон колдонууга муктаж болуудабыз. «Сактыкта кордук жок», «өлүмдөн башка бардык оорунун дабасы бар» демекчи, колдон келишинче көздү сактоого аракет кылышыбыз керек. Бул боюнча тиешелүү адистерге кайрылып, кеңеш алуу зарыл.

Эң жакшысы дарылануудан мурда оорунун алдын алган жакшы. Бул тууралуу  хадисте, “Үч нерсеге кароо көзгө күч-кубат берет. Алар: жашыл табият, агын суу жана жылмайган жүз”, – деп айтылат. Башка бир риваятта: “Асман, деңиз жана жашыл табиятка кароо адамды эс алдырат. Ал эми жашыл түс адамдын көзүнө күч берет” – деп айтылат.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) да  жашыл түстү жакшы көргөнү боюнча айтылат. Мавляна Жалалиддин Руми, “Жашыл табиятка кароо кайгыны кетирет” – деп айткан.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в) башка хадистеринде көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн Куранды көбүрөөк окуу жана көзгө сурма сүртүү боюнча да айтылган.

Айтор “ааламдын көркүн көз ачат”, – демекчи, көзүбүздүн кадырын өз убагында билип, аны абайлап, чарчаганда эс алдыралы. Алла Таалам баарыбызга бекем ден соолук насип кылсын.

Даярдаган: Алибек Акпарали уулу, Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси