«Ачуу – душман, акыл – дос»

«Ачууланып ордунан турган, өкүнүч менен ордуна олтурат» деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени учурда көп жаш үй-бүлөлөр өз ачуусун кармана албай ажырашууга барууда. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Чыныгы баатыр күрөштө душманын жеңген эмес, ачуусу келгенде ачуусун кармана билген”, деп айткан. Пайгамбарыбызга (с.а.в) бир адам келип, мага насаат айтыңыз деп сураганда, ага ачууланба”, – деп жооп берген.

Адам баласы ачуу келгенде перзенттери үчүн үй-бүлөнүн ынтымагын бекем сактоо максатында ачуусун жутуп, унчукпай коюу же кечиримдүү болуусу керек. Бул тууралуу Куранда төмөнкүдөй билдирилген:

“Кеңиричиликте да, жетишсиздикте да Алла жолунда сарптагандар, ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор – (ушулар такыбалар)! Алла – жакшылык кылуучуларды сүйөт!” (Али Имран сүрөсү, 134-аят).

“Ачуулары келгенде (ичине жутушуп, ачуусун келтиргендерди) кечиришет” (Шуура сүрөсү, 37-аят).

Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Кимдин ачуусу келсе, унчукпай калсын”, – деп айткан. Башка хадисте: “Адам баласы ачууланганда, аъузу биллани айтса ачуусу басылат” же “Кимдин турган абалда ачуусу келсе, анда отуруп алсын. Мында да кетпесе, жатып алсын”, деп айтылат.

Демек «Ачуу – душман, акыл – дос» – деп бекеринен айтылган эмес. Адамзат аччууланган учурда кийин өкүнүп кала турган иш жасап коюусу толук мүмкүн. Анткени ачуулук шайтандан болору жөнүндө пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Чындыгында, ачуулук шайтандан. Шайтан оттон жаралган, от суу менен өчөт. Андыктан ким ачууланса, даарат алсын”, – деп айткан.

Ошондуктан шайтандын азгырыгы болгон ачууга алдырбастан, Алла Таала берген акылды иштетели. Анткени биз акылыбыз менен башка жандыктардан айырмаланып турабыз. Акылды туура пайдаланган адамдын даражасы периштелерден да бийик болот. Эгерде акылын иштетпей напсисине баш ийсе, айбандан төмөн абалга келип калат.Даярдаган: Алибек Акпарали уулу, Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси