Москва районунда дин кызматкерлерине жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди

Чүй облусунун Москва районундагы имамдардын кезектеги жыйыны Аң-Арык айылында болуп өттү. Жыйынга райондун баш имам-хатиби Искендер ажы Жакеев, жооптуу имамдар жана имамдар катышып, муфтият, казыят жана хатибияттардан келген буйруктарды өз убагында аткарууга алуу, ысырапкорчулукка жол бербөө, мечиттердин документациясы жана тазалыгы ж.б. маселелер талкууланды.

«Ар бир имам өз мечитине жана жамаатына жооп берет. Демек, имамдар жоопкерчиликтүү иш алып барышы кажет. Динибизге чынчыл жана татыктуу кызмат кылып, башкаларга өрнөк бололу», – деп билдирди Искендер ажы.

Баш имам-хатиб жаштар менен иш алып баруу, турмуш жолуна аттанып жаткан жаштарга олуттуу насаат айтуу, каалайыкка жаназа намазынын шарттары боюнча жеткиликтүү маалымат берүү боюнча тапшырмаларды берди.