Чүй облусунун казысы райондордун баш имам-хатибдерин кабыл алып, кварталдык отчётторду укту

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Руслан ажы Жумагулов облустун аймагындагы райондордун баш имам-хатибдерин кабыл алып, иш-пландардын жана Муфтият, казыяттан берилген буйрук, тапшырмалардын аткарылышын текшерди. Ар бир баш имам-хатиб облус казысына кварталдык отчётторун тапшырып, аймактагы диний кырдаал боюнча маалымат берди.

Жыйында ысырапкорчулукка бөгөт коюу, жаштар менен иш алып баруу жана мечиттердин эсептик каттоосу боюнча да маселелер каралып, баш имам-хатибдерге тийиштүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын жүрүшүндө Баткен окуяларынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча да талкуу болуп, өткөн аптадагы катталган коогалуу окуялардан жабыр тарткандарга жакындан жардам көрсөткөн баш имам-хатибдерге ыраазычылык билдирилди.

Эскерте кетсек, Чүй облусуна Баткенден 340 адам эвакуацияланган жана облустук казыят алардан такай кабар алууда.