Ала-Бука районунда томолой жана жарым жетим балдардын үй-бүлөлөрүнө жардамдар көрсөтүлдү

Жалал- Абад облусунун Ала- Бука районунун аймагындагы томолой жана жарым жетим балдардын үй-бүлөлөрүнө «Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы» тарабынан жардамдар көрсөтүлдү. 48 үй-бүлөгө 25 кг ун, 25 кг күрүч, 10 л өсүмдүк майы, 15 кг макарон, кумшекер, печенье, сүт, курма жана башка азык-түлүк жана таттуу түрлөрү берилди.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в) ким жетимге жакшы мамиле кылса, бейиште мени менен кошуна болот» деген. Биз канчалык аракет кылып, жардам колун сунсак да, баары бир ата-энесинин ордун толтура албайбыз. Максатыбыз аз болсо да жүздөрүнө жылмаюу тартуулоо жана жакындарына жардамдашуу. Ичинде жетим жашап, ага жакшы мамиле кылынган үй – Алланын даргөйүндө эң кайырдуу үй деген маанидеги хадис да бар. Алла Таала жетим балдарды асырап, аларга ата-энелик кылып жаткандардан ыраазы болсун», – деп билдирди Ала- Бука районун баш имам хатиби Шумкар ажы Чыналиев.

Шумкар ажы ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын жетекчилигине да терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.