Ош шаарында Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы тууралуу» Жарлыгын аткаруу алкагында, Баткендеги согуштун кесепеттерин жана эске алуу менен Ош шаарында Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.

Аталган жыйынга Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Президенттин Ош облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын жана аймактагы кырктан ашуун ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү менен диний окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен согушунда жабыр тарткандарга жардамдарды уюштуруу, конфессиялар жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ысырапкорчулуктун алдын алуу, диний ишенимдердин жана улуттук каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо маселелери боюнча баяндамалар жасалып, сунуш жана пикирлер айтылды.

Айта кетсек, Ош шаары жана Ош облусу конфессиялар жана этностор аралык кеңеш КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан жергиликтүү бийликтер жана диний уюмдар менен биргеликте конфессиялар жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, тынчтыкты камсыз кылуу, жаштардын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, коомдо диний радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу, социалдык, гуманитардык, маалыматтык агартуучулук, маданий жана спорттук иш-чараларды биргелишип уюштуруу, мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын этникалык топтордун ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу максатында түзүлгөн. Жыл башынан бери аталган кеңештин 5 кошмо иш-чарасы өткөрүлдү.