Нематулла ажы Жээнбеков: «Энелер биздин баа жеткис тилмечтер»

Кечээ, 23-күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган казыят жамааты облустагы аялдарга дин илимин үйрөтүп келе жаткан устазалар жана мекеме-ишканалардагы кадырлуу апалар менен жолугушту. Бул саамалык казыяттын кыз-келиндер менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Гулсара Каримованын демилгеси менен уюштурулду.

Нематулла  ажы Жээнбеков алгач Баткен окуяларында Мекенди коргоодо курман болгон баатырлардын апаларына көңүл айтып, шейиттерге арнап Куран окуду.

 «Апалар үй-бүлөдөгү өтө күчтүү тилмечтер. Атанын сөзүн балдарга, аганын сөзүн иниге мээрим кошуп тилмечтик жасап, үй-бүлөнү ынтымакта кармашат. Апалардын көзү барда үй-бүлө мүчөлөрү биримдикте болушат. Алардын көзү өтөрү менен ошол эле бир туугандар бирин-бири түшүнбөй араздашкан мисалдар толтура. Мына ошондуктан апалар, сиздер аман болуңуздар! Ар дайым үй-бүлөнү мээримге бөлөп, ынтымагын бекемдеп, мамлекетибиз үчүн дубада болсоңуздар жерибизде, элибизде тынчтык, амандык болот», – деп билдирди Нематулла ажы.

Облус казысы энелерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, аларга Президент тарабынан белекке берилген ак жоолуктарды тапшырды.