Баткен элине курулуш материалдарынан турган 12 фура жардам жөнөтүлдү

 «Мурас» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Асылбек Муратбеков Жалал-Абад облустук казыяты менен биргеликте Баткен элине 12 фура жардам жөнөттү.

Фураларга 3750 даана шифер, 150 тонна цемент, 80 куб жыгач жүктөлдү.

Жалал-Абад облустук казыяты кандуу окуяларда жабыр таркан мекендештерибиз колдоого муктаж болуп турган кезде, жардам колун сунган «Мурас» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсүнө ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Асылбек Муратбеков Ала-Бука районунда кайрымдуу инсаны катары белгилүү. Буга чейин да райондун аймагындагы аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүктөрү чектелген атуулдарга жардамдарын көрсөтүп келет.