Баткен казыяты болуп өткөн кандуу окуялар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Өткөн аптада орун алган окуяларда Баткен районунун коопсуз аймактарына эвакуацияланган жарандарга Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаевдин демилгеси менен Баткен облустук казыяты, Баткен райондук хатибияты, айылдык имамдар менен биргеликте учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

 Андан сырткары жарандарга ыйман, адептүүлүк, ысырапкерчилик туурасында атайын сабактарды өтүшүп, маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, бир катар пайдалуу маалыматтар берилди. Жыйындын жүрүшүндө имам-хатибдер жарандарды өлкөдө болуп жаткан терс көрүнүштөрдөн оолак болууга чакырды.