Кыргыз эли эзелтеден өзүнүн меймандостугу менен айырмаланат. Ата-бабаларыбыз конокту жакшы сыйлап, үйдөгү оокат-ашын дасторконго жайып, берешендиги менен адамгерчиликти туу тутуп келген. Баарыбызга белгилүү болгондой, үч түрдүү адамдын дубасы токтоосуз кабыл болот. Алардын бири мусапыр болгондуктан, анын курсагын тойгозуу, түнөп калуусу үчүн шарт түзүү же жол көрсөтүү сыяктуу жардамдардын негизинде анын дубасын алууга аракет кылуу зарыл.
Конок келсе үйгө кут келет. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в.): бир күнү сахабаларга карап, «Алла Таала пендесине жакшылык катары бир хадия (белек) берет», – деп айтты. Сахабалар: «Ал кандай хадия?», – деп сурашты.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Конок, анткени конок өз ырыскысы менен келет жана кайтканда Алла Таала үй ээсинин күнөөлөрүн кечирет», – деп жооп берди.
Конок сыйлоодо сараңдыктан сактануу керек. Конок келсе өз ырыскысы менен келет деп жогоруда айтылды. Сараңдыктан сактануу тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в.) : «Сараңдыктан сактангыла, себеби силерден муруңкулар сараңдыктарынан улам кыйрап жок болушту. Сараңдык аларды зыкымдыкка алып барды, кайрымсыз болушту. Бир туугандарга жардам бербөөгө түрттү, туугандык байланыш үзүлдү. Күнөөгө түрткү болду, күнөөкөр болуп калышты», – деп айтты.
Конокту сыйлоо боюнча үлгү катары Кереметтүү Куранда Ибрахим пайгамбардын (а.с.) үйүнө адам келбетинде келген периштелерге көрсөткөн сый-урматты айтууга болот:
«Ибрахимдин сыйлуу коноктору жөнүндө сага кабар келдиби? Алар Ибрахимге киришкенде: «Тынчтык болсун!» – дешти. Ал (Ибрахим да): «Чоочун элге тынчтык болсун», – деди. Ал аялына чыкты да, музоонун бышырылган этин алып келди. Аларга жакын койуп: «Жебейсиңерби?» – деди» (Зарият сүрөсү, 24-27-аяттары).
Ошол эле учурда келген конок да өз сыйын билүүсү керек. Коноктун адеби жөнүндө пайгамбарыбыз (с.а.в.): Ким Аллага жана акырет күнүнө ишенсе, коногун жакшы сыйласын. Мунун мөөнөтү бир күн, бир түн. Меймандостук үч күн, мындан кийин конокту сыйлоо садака. Коноктун да үй ээсин кыйнай турганчалык анын жанында калуусу адал болбойт», – деп айткан.
«Кокус конок келе тургандай үйүңдү, кокус өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза карма» деп айтылгандай, конок тосуу үчүн дайым даяр болушубуз керек. Бул тууралуу Анас бин Маликтин (р.а.) айтуусу боюнча пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Үйдүн да зекети бар. Ал конок тосуу үчүн атайын бир бөлмөнүн болуусу», – деп айткан.
Демек, меймандостук маселесинде шариятыбыз менен салтыбыз төп келишет. Аллахым баарыбызга берешен болууну насип кылсын.
Даярдаган: Акпарали уулу Алибек, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси