Кеминде Баткенден эвакуацияланган үй-бүлөлөрдүн балдарына 40 миң сомдук окуу куралдары белек кылынды

Чүй облусунун Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев Баткен облусунан Кемин районуна эвакуацияланган жарандардан кабар алды. Куттубек ажы зыяраттын алкагында «Кийимдер планетасы» дүкөнүнөн 10 балага 40 миң сомдук окуу куралдарын жана таттууларды белек кылды. Аталган каражат Баткен окуяларынан жабыр тарткандар үчүн Кемин районундагы мечиттеринен топтолгон.

Баш имам-хатиб балдарды билим алууга шыктандырып, билимдүүнүн эки дүйнөсү тең жарык болорун билдирди. Ошондой эле дос күтүүнүн артыкчылыктары боюнча да насаат айтып, балдарды достошууга чакырды.

Эскерте кетсек, Кемин районуна 14 үй-бүлө эвакуацияланып келген.