Ата-эненин көзү барда кадырлап, сыйлап ак батасын алып калалы

Урматтуу биздин сүйүктүү карыялар,  аталар жана энелер!

Сиздерди 1-октябрь — Эл аралык карылар күнү менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Кылымдардан бери кыргыз эли өз карыларын кастарлап, алардын акыл насаатына, кеп-кеңешине кулак салып, аларды бийик коюп, ар убакта урмат-сый көрсөтүп келгендигин тарыхыбыз таамай көрсөтүп турат. Элибизде бекеринен «Карынын кебин капка сал»,  «Карысы бардын – ырысы бар», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деп айтылбаса керек.  Ата-эне улуу дөөлөт. Алардын көзү барда кадырлап, сыйлап бата, дубасын алып калалы. Ата-эненин тирүүсүндө, өзгөчө карыган мезгилде тез-тез кабар алып, кызматын кылып, жакшылап багалы. Тилекке каршы ата-энелер уул-кыздын кызматын көрөөрдө кордолуп, түрткү болуп, өз балдарынан тил угуп, кээде бир туугандар сен бак, мен бак кылса, кээде кимдир бирөөнүн сөзүнө кирип кагып, зекип, кээде бир жакка ата-энесин ээрчитип баруудан уялып, үйүнө камап коюшкан жана өз балдарынан кордук көргөн ата-энелер да катарыбызда жок эмес. Ата-эненин тирүү мезгилинде кадырлай албай көзү өтүп кеткенден кийин эл көзүнө мүрзөлөрүнө кымбат баалуу таш тургузуп, аш-той бергендин кереги эмне? Андан көрө тирүүсүндө жылуу жумшак сүйлөп, көңүлүн көтөрүп, белек алып берип, бактылуу карылык тартуулап ак батасын алган жакшы эмеспи.

«Эгең силерге, Анын өзүнөн башка эч кимге сыйынбоого жана ата-энеңерге жакшылык кылууну буюрду. Эгерде, алардын бирөө, же экөө тең карып, карылык куракка жетсе аларга: «Уф-ф» – дебе, зекибе жана аларга жылуу-жумшак сүйлөп, жакшы мамиле кыл! Аларга мээримдүүлүк канатыңды кенен жайып: «Эгем! Алар мени кичинемден мээримине бөлөп чоңойтуп өстүргөндөй, аларды да мээримиңе бөлө!» — дегин!» (Исра: 23)

Эне баланы кыйналып боюнда 9 ай көтөрдү, кыйынчылык менен төрөдү. Төрөгөндөн кийин дагы баласына мээримин төгүп, ак сүтүн аябады. Эгерде кокусунан бала ооруп калса жегени, ичкени билинбей, уйкусу качып, санаа тартат. Ал эми ата болсо алардын тамак-ашын даярдоо максатында таң үрүүлдөн тарта караңгы түнгө  чейин кыйналып, жанын чапкылап  иштейт. Канчалаган  кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Бул кылган эмгектин  жакшылыктарын актоо — ар бир бала жана кыздын милдети болуп эсептелет. Кээде балдары ата-энени карап жатып алардын эмгегин актадым, милдетимди аткардым деп ойлойт. Тилеке каршы андай эмес. Эгерде бала энесин жонуна көтөрүп алып ажылыкка алып барып келсе дагы, эненин бир күндүк толгоо тарткан кыйычылыгына, бир тамчы ак сүтүнө да барабар боло албайт.

Абу Умамадан (разияллоху ъанху) риваят келет: Бир киши Пайгамбарыбыздан (саллаллоху ъалайхи ва саллам): «Ата — эненин акысы балага кандай?» — деп сурады. Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам): «Ал экөө сенин бейишиң, же тозогуң», — деп жооп берди.» (Ибн Мажа).

Абу Дарда (разияллоху ъанху) мындай дейт: «Пайгамбарыбыздын(саллаллоху ъалайхи ва саллам) мындай деп айтып жатканын уктум: «Ата-бейиштин ортоңку эшиги, кааласаң аны сакта, кааласаң сактаба». (Хааким)

Бул күнү – кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес, турмуштун эң оор сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган ата-апаларыбызга, согуштун жана эмгектин ардагерлерине жана башка улгайган адамдарга таазим кылуу, ыраазычылык билдирүү жана жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтуу күнү. Сиздер өлкөнүн келечегине жана гүлдөп өсүшүнө зор салым кошуп, азыр болсо, бизге алысты көрө билген акыл-насаатыңарды жана кеп-кеңешиңерди айтып келесиздер. Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын тунук акылы, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн баа жеткис сабак.

Урматтуу аталар, апалар жана жалпы биздин сүйүктүү карыяларыбыз! Сиздерге бекем ден соолук, бактылуулук жана Жараткандан эки дүйнөнүн бактысын тилейм. Дайыма төрүбүздүн көркү болуп, кеп-кеңешиңиздерди айтып жүрө бериңиздер.

Сиздерди терең урматоо менен,

Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Замир кары Ракиев