Ош облусунда баш имам-хатибдер кварталдык отчёт тапшырды

Ош облусунун райондук баш имам-хатибдерине багытталган жыйын болуп өттү. Жыйынга Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят аппараты жана райондук баш имам-хатибдер катышты. Баш имам-хатибдер казыят жетекчилигине соңку үч айда аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө жаштар менен иштөө, аялдардын диний билим алуусуна шарттарды түзүү жана мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча маселелер каралды. Ошондой эле 2020-жылдагы ажылык боюнча да талкуу болуп, жыйынга КМДБнын ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев онлайн форматта катышты.

Эскерте кетсек, диний объектилерди каттоодо алгылыктуу иш алып бара албай жаткан баш имам-хатибдерге эскертүүлөр берилди.