Таласта дин кызматкерлери исламий каржылоо принциптери боюнча семинарга катышты

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы «Байбол» этнокомплексинде 2 күндүк семинар болуп өттү. Семинарга облустагы 20 дин кызматкери катышты. Кыргызстандагы банктардын иштөө системасы жана ислам принциптери менен финансылык кызмат көрсөтүү, соода-сатык жана Улуттук банктын ишмердүүлүгү боюнча атайын адистер Урматбек Разаков, Айсулуу Тынышова презентация аркылуу имамдарга кеңири маалымат беришти.

Ислам өнүктүрүү банкынын Улуттук банктагы ислам каржылоо принциптери боюнча консультанты Жумадыл Акматжан:

«Ислам каржылоо принциптери менен иш алып баруу боюнча Улуттук банк мамилекеттик деңгээлде алгылыктуу иштерди алып барууда. Ислам банкинги республика аймагында бир топ жылдан бери ишмердүүлүгүн жолго салып, өнүгүү жолунда баратат», – деп билдирди.