Жалал-Абад облусунун казыяты аймактардагы мүмкүнчүлүгү чектелген карыяларды чогултуп, сый көрсөттү

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты аймактардагы мүмкүнчүлүгү чектелген карыяларды чогултуп, сый көрсөттү.

Саамалык облус казысы Наматулла ажы Жээнбеков тарабынан демилгеленип, энелер үчүн белек-бечкектер берилди.

«Кадырман карыяларды эстеп, өзгөчө көңүл буруу гана эмес, турмуштун эң оор сыноосунан өтүп, жашоонун тажрыйбасына тунган ата-апаларыбызга  жүрөктөгү жылуу сөздөрдү айтышыбыз керек. Сиздер өлкөнүн келечегине жана гүлдөп өсүшүнө зор салым кошуп, азыр болсо, бизге алысты көрө билген акыл-насаатыңарды жана кеп-кеңешиңерди айтып келесиздер. Көп жашап, көптү көрүп, турмуштук тажрыйбага тунган аталар менен апалардын тунук акылы, көсөмдүгү, каниет-сабыры ар дайым кийинки муун үчүн баа жеткис сабак»,-деди облус казысы.

Ал эми облустук казыяттын кызматкери Мелис Турганбаев мындай саамалыктын уюштурулушу менен карыяларга сый-урмат көрсөтүп, алардын өлкө үчүн кылган кызматтарына таазим этүү экендигин билдирди.

«Карысы бардын ырысы бар. Биз дайыма карыларыбызды урматтап, аларга кызмат кылышыбыз керек. Сиздер дайыма элибизге, жерибизге жана мамлекетибизге дуба кылыңыздар. Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты сиздерге кызмат кылууга даяр»,-деди Турганбаев.