Ош облусунун казыят жетекчилиги Баткен окуяларынан жаракат алгандардан кабар алып, дары-дармек үчүн акчалай жардам көрсөттү

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана казынын орун басары Алибек ажы Жусупов Баткен облусундагы окуялардан жарат алып, улуттук госпиталда дарыланып жаткан аскерлерди жана жарандарды зыярат кылды. Зыяраттын жүрүшүндө облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев жараат алган жоокерлерге жана жарандарга материалдык жактан жардам көрсөтүп, тез арада айыгып кетүүлөрү үчүн дуба кылды.

“Мекенди коргоо бул – ар бир жигиттин атуулдук милдети. Сиздер бул улуу озуйпаны аткарып жүрөсүздөр. Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Мекенди сүйүү ыймандан” –  деген. Сиздер Мекенге болгон сүйүүңүздөрдү аны коргоо менен далилдедиңиздер. Сиздер чек арада чеп болуп турганыңыздар үчүн биз тынч уктап, бейпилдикте жашап жатабыз”, – деди облус казысы.

Эскерте кетсек, жардам элден чогулган каражаттан берилди.