Бишкек шаардык казыяты Баткендеги окуялардан жаракат алган жоокерлерден кабар алып, 311 миң сом колдоо көрсөттү

Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов баштаган казыят жамааты Баткен облусундагы каргашалуу окуялардан жарат алган жоокерлер жана жарандарды зыярат кылып, 311 миң сом акчалай колдоо көрсөттү. Бишкек шаардык казыятында жана борбор калаадагы жалпы мечиттерден топтолгон  бул акча каражаты Улуттук госпиталда дарыланып жаткан аскер кызматкерлерине жана жарандарга таратып берилди.  

Шаар казысы ар бир жоокер жана жарандар менен баарлашып, алардын абалын сурап, тез арада айыгып кетишин Жараткандан тилеп, дуба кылды. Ошондой эле күн-түн дебей кызмат кылып жаткан өмүр сакчыларына ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.