Араван районунун баш имам-хатиби эвакуацияланган жарандардан кабар алды

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков жана райондун борбордук “Ар-Рохман” мечитинин имамы Ахмаджан ажы Юлдашев Баткендеги окуяга байланыштуу эвакуацияланып келген үй-бүлөлөрдү зыярат кылып, аларга моралдык колдоо жана материалдык жардам көрсөттү.

“Биз кайда жүрбөйлү, кайсыл жерде  жашабайлы, баарыбыз бир эл, бир денебиз. Сиздердин башыңыздарга келген оор кайгы, бизди тынчсыздандырбай койбойт. Сиздерге кандай жардам керек болсо, биз даярбыз”, – деди Максат кары Сидиков.

Эске салсак, эвакуацияланган мекендештерге 25 миң сом акчалай жардам таратылды.