Баткенде мечиттерди каттоо иштери кызуу жүрүп жатат

Бүгүн, 29-сентябрда Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Саидакмад ажы Аппазов тарабынан шаар-райондордун баш имам-хатибдери жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте мамлекеттик эсептик каттоосунан өтө элек мечиттер боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун катышуусунда  эсептик каттоодон өткөн 13 мечиттин күбөлүгү имамдарга тапшырылды.

 «Эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүрүп жатат. Ар бир мечит имамы өз мечити жана жамаатына күйүп чуркаса гана процесс оң жагына чечилет. 6 айда 13 мечитти каттоодон өткөрдүк. Учурда 9 мечиттин документтери күбөлүк алууга тапшырылды. 9 мечиттин документтери даярдалууда», – дейт казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Саидакмад ажы Аппазов.

Белгилей кетсек, Баткен обусунда жалпы 517 мечит болсо, анын  408 и эсептик каттоодон өткөн.