Жалал- Абад облусунун казыяты Баткен облусунан эвакуация болгон 55 үй-бүлөдөн кабар алып, 182 150 сомдук азык-түлүк жана үй тиричилигине керектүү буюмдарды тапшырды

 Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган казыят жамааты Баткен облусунан эвакуация  болгон 55 үй-бүлөдөн кабар алып,   182 150 сомдук азык-түлүк жана үй тиричилигине керектүү буюмдарды тапшырды.

Облус казысы Баткен окуясынан жабыркагандар жалгыз эмес экендигин айтып, сабыр кылууга чакырды.

«Бүгүнкү күндө Бакыт  реабилитациялоо борборлорунда 34 үй-бүлө, Көк- Жаңгак шаарында 8 үй-бүлө, Спутник кичи районунда 9 үй-бүлө, А.Пушкин көчөсүндө 4 үй-бүлөгө жайгашкан.  Казыят жамааты мектеп окуучуларына керектүү окуу куралдарын алып бердик. Себеби, балдар окуу программасынан артта калбашы керек. Муну менен катар 182 150 сомдук азык-түлүк жана үй тиричилигине керектүү буюмдарды тапшырдык»,-деди Нематулла ажы Жээнбеков.

Облус казысы эвакуация  болгон мекендештерди сабырдуу болууга үгүттөп,   өлкө үчүн дуба кылууга чакырды.

«Сабыр – кордук көрүү же болбосо карып болуу (байкуш, бечара болуу) эмес. Сабыр – кайратсыздык, коркоктук же болбосо айласыздык да эмес. Сабыр – бекемдик, туруктуулук; Кудайдын кулу экендигибизди билип, ага ибадат кылып, баш ийүүнү улантуу. Сабыр – чыдамкайлык менен жашоонун ар түрлүү сыноолоруна туруштук берүү. Сабыр – кыраакы, баамчыл болуу аркылуу шайтанга азгырылбай, нафсиге алданбай жашоого аракет кылуу. Сабыр – кайраттуулуктун аркасында күтүүсүздөн келген мүчүлүштүктөрдү адилеттүүлүк жана токтоолук менен чечүү. Сабыр – тобокелдикке салуу менен ийгиликке жетүүнүн баардык себептерин аткаргандан кийин, Кудай Тааланын маңдайга жазган тагдырына ыраазы болуу. Ошондой эле сабыр – ыймандуулуктун, жакшылыктын туткасы, бейиш казынасы»,-деди Жээнбеков.