Тоңдо мечиттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка даярдыктар көрүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы мечиттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка даярдыктар көрүлө баштады. Бул туурасында Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди. Ал Туура-Суу 2 айылынын 1994-жылкы жаштарынын жана жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен айыл мечити бүгүнкү күндө оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын, өзгөчө имамдын бөлмөсү, балдарды окутуу бөлмөсү, ашканасы толук оңдолгонун маалымдады. Ошондой эле мечит жылууланып, атайын буйрутма менен килем алынган.

Элди, жаштарды ыйманга, адеп-ахлакка чакырууда жана ар кандай терс багыттагы диний агымдардан оолак болууга үндөөдө мечиттин орду чоң экендигин кошумчалаган Таалайбек ажы мечитти аздектеп, сыйлап, таза кармоо милдет экенин билдирди.

“Акырындык менен район аймагындагы мечиттерибиз оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жылуулук жагы камсыздалып, кышка кызуу даярдык көрүп жатабыз. Көпчүлүк мечиттерибизге суу түтүктөрү киргизилип, ысык суу жагы толук камсыздалган”.