Токмокто эвакуацияланган жарандарга гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү

Чүй облусунун Токмок шаарында «Биримдик Токмок» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана «Шакирхан Төрө» мечитинин жамааты тарабынан Баткен окуяларынан жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүлдү. Жууркан, көрпө-төшөк, кийим-кече жана бут кийимдер сыяктуу зарыл буюм-тайымдардан турган гуманитардык жардам Чүйгө эвакуацияланган 32 мекендешке таратылды.

Демилгечилер Баткенден келген мекендештерге сабыр, кайрат, күч-кубат тилеп, шейит кеткен жоокерлерди эскерди. Тапшырган жардамдарын мусулмандык жана атуулдук кызмат экенин кошумчалап, белек катары кабыл алууну жана жакшы күндөрдө колдонуу тилегин билдиришти.