Достук айылынын тургундарына 70 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү

 Кечээ, 27-сентябрда Дара айыл өкмөтүнүн жогорку зонасындагы Жаңырык айылынын имамы Акжол Ахуновдун жана жергиликтүү бийликтин демилгеси менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылынын тургундарына 70 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

 Акчалай жардамды Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Тилеков баш болгон Жаңырык айылынын айыл башчысы Токтоназар Мамылов, айылдын имамы Акжол Ахунов жана айылдык кеңешинин депутаты Адилбек Умаровдор Достук айылынын тургундарына тапшырып, керектөөлөрүнө жумшаарын айтышып, айыл тургундарына ден соолук, сабырдуулук каалап, мындан ары да четте карап турбай, колдон келген жардамдарын көрсөтөрүн баса белгилеп өтүштү.

 Иш-чарага катышкан Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана айыл тургундары Дара айыл өкмөтүнүн элине ыраазычылыктарын билдиришти.