Окуу жайлардын мүдүрлөрү катышкан окутуу семинары жыйынтыкталды (фото)

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте (КР ДИМК) өткөргөн эки күндүк окутуу семинары жыйынтыкталды. Семинардын жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышуучулардын алган билимдери баалоодон өткөрүлүп, сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага катышкан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи мүдүрлүк ары сооптуу, ары жооптуу иш экенин эскертүү менен төмөнкүлөрдү билдирди.

«Эки күндөн бери өлкөбүзгө таанымал, күчтүү тренерлерден окудуңуздар. Семинарда үйрөнгөн нерсеңиздер негизги база болуп, аны дагы да өнүктүрүңүздөр. Ушул жерде алган информацияны балдарга жеткириңиздер. Ошону менен катар студенттерибиздин адеп-ахлактуу болуп жетилишин негизги планга коюңуздар».

Эскерте кетсек, «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын» ишке ашыруу максатында диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдардын аткарылышы жана мамлекеттик саясаттын жөнгө салынышы, коопсуздук маселелери, радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар кечээ, 27-сентябрда башталган. Муну менен катар эле мүдүрлөргө Аалымдар Кеңешинин №1 чечиминин негизинде матуридилик акыйдасы боюнча негизги маалыматтар берилип, ДОЖдордо салттуу акыйда боюнча тереңдетип билим берүү тапшырмасы берилди.