Ош облусунун казысы баштаган жамаат Баткендеги кандуу окуяда жабыр тарткан дин кызматкерлеринен кабар алды

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят кызматкерлери жана облустагы райондордун баш имам-хатибдери Баткен облусуна иш сапары менен барды. Иш сапар алкагында кандуу окуя болгон күндөрү жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып, элди коопсуз жайга жылдырууда салым кошкон жана жабыр тарткан дин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү.

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров дин кызматкерлеринин эмгектери боюнча сөз кылып, ошол күндөрдөгү жасаган эрдиктери боюнча буларга токтолду.

“Дин  кызматкерлери окуя болгон күндөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барышты. Каза болгон жоокерлерди акыркы сапарга узатуу, чек арада жашаган жарандарды эвакуация кылуу, муктаждарга тамак-аш, кийим-кече таратуу, ошондой эле элге руханий дем күч берүүдө өздөрүнүн салымын кошту”.

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев болуп өткөн окуяларга өзүнүн жана Ош облусунун мусулмандарынын терең тынчсыздангандыгын билдирип,

“Динибизде айтылгандай, мусулмандар бир дене сыяктуу. Анын бир мүчөсү ооруса, бардык денеге таасир этет. Сиздердин башыңыздарга келген сыноо биздин жан дүйнөбүздү да тынчсыздандырууда. Ошондуктан жеринде сиздерден кабар алып, аз болсо да жардам көрсөтөлү деген максатта келдик”, – деди.

Белгилей кетсек, Ош облустук мусулмандар казыяты чек ара окуяларында жабыр тарткан дин кызматкерлерине колдоо көрсөтүү максатында 450 миң сом акчалай жана бир фура күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды тапшырды.