Диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө уюштурулуп жаткан эки күндүк окутуу семинарынын алкагында Матуридий акыйдасы боюнча маалыматтар берилүүдө

Диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө уюштурулуп жаткан эки күндүк окутуу семинарынын алкагында Матуридий акыйдасы боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №1 чечиминин негизинде атайын сабактар өтүлүүдө.

«Кечээ, 27-сентябрь күнү диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө эки күндүк окуу семинары башталган.  Негизинен  Кыргыз Республикасынын Конституциясы, диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдардын аткарылышы жана мамлекеттик саясаттын жөнгө салынышы, коопсуздук маселелери, радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча сабактар өтүлүүдө. Муну менен катар Аалымдар Кеңешинин №1 чечиминин негизинде Матуридий акыйдасы боюнча АКнын төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев баштаган дин аалымдары кеңири түшүнүк беришүүдө»,-деди Эратов.