“БИР ТАМГА ҮЙРӨТКӨНДҮН КУЛУМУН”

(Иллюстрациялык сүрөт)

Бисмиллахир-рохманир-рохийм

Ааламдардын ардагы болгон, бүткүл үммөт үчүн  өмүрүн арнаган Азирети пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) өзүнүн осуятында мындай деген:

“Улууларыбызды урматтабаган, кичүүлөрүбуздү ырайым кылбаган жана аалымдарыбызды (акысын) билбеген менин үммөтүмдөн эмес” (Имам Ахмад, Табароний жана Хаким, Убада ибн Сомит р.анхунун риваяты).

Ал эми  анын  улуу сахабаларынын  бири болгон Азирети Али (р.а) өзүнүн кебинде “Ким мага  бир арип (тамга) үйрөтсө, менен анын кулумун”деп айтканӨзүңүз баамдап тургандай, улуу сахаба жашообузда  ак менен караны, жаман менен жакшыны, адал менен арамды, чындык менен жалганды, эң башкысы туура жолду тандап, татыктуу таалим-тарбия берген устаттардын, мугалимдердин орду канчалык чоң экендигин баяндап жатат. Мугалимдик кесип бул – пайгамбарлардын кесиби. Себеби, бүгүнкү күндө мугалим, устаттар жаш муунга таалим-тарбия, билим берсе, мындан 14 кылым мурун сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в) калкты сабатсыздыктан арылтуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаган.

 Устаттар жаштардын  руханий, кесиптик жактан телчигип жетилишине  жакындан жардам берет. Эгер жакшылап назар салсак, кайсыл коомдо мугалимдерге,  устаттарга жакшы көнүл бөлүнсө, камкордукка алынса, ошол жерде алга жылуу, өсүп-өнүгүү болот. Сөзүбүзгө мисал катары Японияны алсак болот. Экинчи дүйнөлүк согуштан   кийин  эки шаарына  атом бомбасы ташталып, быт-чыты чыгып, экономикасы талкаланган Япония башчылары мугалимдерге, таалим-тарбияга, илим-билимге көңүл бөлөт. Мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү, алардын социалдык проблемаларынын чечилиши эң биринчи планга коюлат. Натыйжада күнүмдүк көр тиргиликте кыйнаган көйгөйлөрдөн бошонгон  мугалимдер бар билимин, тажрыйбасын, дараметин, жаштарга татыктуу таалим-тарбия, билим берүүгө жумшашат. Ал эми мыкты  тарбия алган жаштар алган илим-билимдерин өз өлкөсү үчүн арнайт. Ушундай чынжыр  сымал болгон жараян  ал өлкөнүн өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошту.

Бүгүн биздин мамлекетибизде да  мугалимдердин жашоо шартын жакшыртуу жаатында айлык маяналар көтөрүлүп, алардын кесиптик жактан изденүүлөрүнө багытталган  көптөгөн иш-аракеттер жүрүп  жатат.

Жалпы коомчулук мындай билим, илим берүү иштерине жакындан жардам берүүбүз абзел.  Ар бирибиз бала-бакча, мектеп, медреседе билим алып жаткан балдарыбыздын татыктуу тарбия алуусуна  колубуздан келишинче  кол кабыш кылуубуз зарыл. Анткени Алла Таала  Өзүнүн сөзү Курани Каримде: “Эгер билбесеңер, анда илим ээлеринен сурагыла”, – деп айткан (Анбия сүрөсү, 7-аят).

Демек, биздин коом, айрыкча өсүп келе жаткан жаш муун өзү  тандаган  тармактан илимдүү болуусу керек. Ал үчүн мугалимдерибизге урмат көрсөтүп,  сыйлап, аларга моралдык жактан колдоо көрсөтүп туурубуз керек.

“Устат сыйлаган зор болор…” деген кеп бар. Ушуну унутпай, өсүп келе жаткан келечек муунга ааламга кеткен улуу жолду көрсөткөн мугалимдерди дайыма сыйлайлы. Жаштарга татыктуу билим, тарбия берип келе жаткан  мугалим, устаздарды Жараткан Өзү колдосун! Аларга тынчтык, амандык, ден соолук жана күч-кубат берсин!

Даярдаган: Ильяс уулу Ибрагим, Ош облустук мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси