Нематулла ажы Жээнбеков Токтогул районуна үч күндүк иш сапары менен барды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков үч күндүк иш сапары менен Токтогул районуна барды. Иш сапардын алкагында ысырапкорчулуктун шарияттагы орду боюнча маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Облус казысы балдарга карата катталып жаткан зордук-зомбулук маселелери эң орчундуу көйгөйлөрдөн  экенин, акыркы жылдарда мындай фактылардын статистикасы өсүп жатканына токтолду.

“Балдар биздин негизги байлыгыбыз. Балдарды камкордукка алып, бөпөлөшүбүз керек. Аларга жасалып жаткан ар кандай зордук-зомбулуктун түрүнө каршы чыгалы. Эртеңки күндү мээрим менен эр жеткен улан-кыздарга тапшырышыбыз керек”, – деп билдирди облус казысы.

Нематулла ажы иш сапардын алкагында райондук мамлекеттик администрация жана хатибиятты зыярат кылды.