Жээнбеков Мусулманкул ажы тууралуу

Мээримдүү, ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын!

Бүткүл ааламдын улук падышасы, Жараткан эгебиз Алла Таалага чексиз мактоолор болсун жана сүйүктүү Мухаммад пайгамбарыбызга Алланын саламы жана салаваты болсун!

Бул жашоодо бүткүл адамзат кандай жашап өтүүсү үчүн дин исламдын шарият жоболорун түшүндүрүп, пенделерге жеткирүү үчүн дин аалымдарыбыз таалим-тарбия берип, кызмат кылып келишет.

Алланын сөзү болгон ыйык Курандын маани-мазмуну боюнча; ак-караны, жаман-жакшыны, күнөө-соопту, эмнени аткаруу керек, эмнени аткарбоо керек деген сыяктуу жашоо эрежелерин түшүнүп билүүдө, дин аалымдарынын эмгеги баа жеткис зор эмгек болуп саналат. Аалымдарыбыз адамзатка эки дүйнө эң керектүү болгон эң пайдалуу илимди берип келе жатышат.

Аалымдарыбыз бул кызматтары үчүн адамдардын эч качан акы сурашпайт, үмүт да кылышпайт. Жөн гана алган билимин Алланын ыраазычылыгы үчүн адамдарга жеткиришүүдө. Алардан Жараткан Алла ыраазы болгон болсун!

Ушундай дин аалымдарыбыздын бири болгон Мусулманкул ажы Жээнбек уулу. Анын улуту кыргыз, мундуз уруусунан болот. Ал киши Кыргыз Республикасынын Ош облусунун (азыркы Жалал-Абад) Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Акчалуу айлында туулган. Энеси жети күн толгоо тартып аябай кыйналып төрөйт. Келечекте зор аалым болчу наристе ошентип жарык дүйнөгө келип, балага зарыккан ата-энени кубанычка бөлөйт. Келечектеги аалымдын ааламга келүүсү дагы өзгөчө. Анткени бир туугандардын ортосундагы үзүлбөгөн, түгөнбөгөн мамилени далилдеп, көптөн бери перзент күтүп келген агасы Жээнбекке иниси Ибрахим жаңы эле сүннөт абалында төрөлгөн ымыркайды берет. Өз атасы Ибрахим бакма атасы Жээнбек булардын баары өз учурунун залкарлары болгон. Азыр дагы аксакал айылдаштары жакшы эскерет. Жээнбек сопу журтчулуктун көйгөйүн чечкен, көрөгөч, даанышман адам болгон. Өзгөчө уулдан кийин, Кудай Таала буйруп бир кыз, эки уулду болот.Ата-энеси тилеп алган уулун эч нерседен кем кылбай жакшы тарбия берип өстүрөт. Ал бала кичинесинен эле дин-ислам, шарият маселелерине кызыгып, көп көңүл бөлчү.

Мусулманкул ажыны 7 айында торолуп, отуруп калган кезинде айылдагы  Сатар ажы абасы атчан бастырып келип, узун укурук таягынын учун карматып, бастырып кеткен экен.

1944-жылы Жалал-Абад шаарындагы бухгалтердик окуу жайын бүтүрүп, кесиби боюнча иштеп жаткандыгына карабастан дин таалимин алууну эңсей берет. Ошол учурдагы айылдагы молдокелерден азыноолак сабак алат, бирок ага эч каныкпайт.

Ошол мезгилдердин бир түнүндө түшүнө аксакалы жайкалган, ак селдечен бир сөөлөттүү адам кирет. Ал адам токулуу бир ак качырды алдына тартып “мингин балам”, – деп атка мингизип, бата берет. Түшүндө аны минип бир тарапка жөнөп кетет.

1948-жылы көптөн күткөн тилеги орундалып, Бухара шаарындагы “Мир-Араб” диний медресесине кирип, ал жерде 7 жыл окуп, билим алып, ал окуу жайды 1955-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1958-жылы Советтер Союзунан болгону 12 адам ажыга барган. Ошолордун ичинде Мусулманкул ажы дагы  болгон. СССРден дагы ажыга келгенине кубанып (ал кезде Саудия менен СССРдин мамилеси жакшы эмес эле) Саудиянын Королу алардан эки адамды чакыртып өзү кабыл алган. Алардын бирөө ажы башчы – Орто-Азия жана Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Зияидин кары, экинчиси – шакирти Мусулманкул ажы эле. Ал экөөнө тилла жалатылып тигилген өтө кымбат баалуу эки тон кийгизип жана колдоруна Алла деген жазуусу бар  баалуу шакек тагып, король өзү чоң сый көрсөткөн. Алар аркылуу СССРдеги мусулман бир туугандарына салам айткан.

 1955- жылы Ташкент шаарындагы Ислам жогорку билим берүүчү окуу жайына тапшырып, 1960-жылы “Артыкчылык диплому” менен аяктаган. Жогоруда айтылып өткөндөй, алгачкы ажыга баруучулардын бири болгон. 1960-жылы Базар-Коргон районунун борбордук мечитинде имам-хатиби болуп диний эмгек жолун баштаган. 1961-жылы Орто-Азия жана Казакстан Муфтийи Бабаханов Зиябидин шейхтин буйругу менен Кыргызстан Республикасынын мусулмандарынын казысы (муфтийи) болуп дайындалган. КР борбору Бишкек шаарында эмгектенген. Казы болуп иштеп турган учурунда Кыргызстан Республикасынын биринчи казысы жыйырма эки жыл, “Мир Араб” медресесинин мударриси жети жыл Макка-и Мукаррамадан дарс алган диний аалым Алим хан төрөдөн беш жыл кошумча дарс алган. Казылык учурунда көптөгөн атеисттик тоскоолдуктарга карабастан ислам дини үчүн көптөгөн алгылыктуу иштерди жасаган. Орто- Азия жана Казакстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин мүчөсү жана аалымдар президиумунун мүчөсү болуп дайындалган. 1981- жылы Өзгөн районунун Куршаб айылында имам болуп иштеген. 1984- жылы Базар-Коргон районунун имам- хатиби болуп иштеген.

Мусулманкул ажы жетим-жесирлерге, мискинедерге, начар жашаган үй-бүлөлөргө эч качан жардамын аяган эмес жана башка колунда бар адамдарды да ушуга үндөөчү.

Мусулманкул ажы балдарына, неберелерине аябай мээримдүү ата болгон. Ат болуп аларды жонуна мингизип көп ойнотор эле.

Ал киши туугандарын, айылдаштарын баарын ажыга баргыла деп көп үгүттөөр эле. Үгүт- насаатынын таасири менен туугандарынын, урпактарынын дээрлик көпчүлүгү ажылык парзын аткарып келишкен. Ошондуктан ал кишинин айылы “ Ажылар айылы” деп аталат.

Мусулманкул ажы элибиздин көптөгөн аалымдар жана каарылар чыксын деп Аллага жалынып, көп-көп дуба кылар эле. Жараткан дубаларын кабыл кылган экен, өз урпактарынан, туугандарынан көптөгөн аалымдар, карылар чыгып жатат. Кыргыз элине ошондой зор дин аалымын бергенине Алла Таала шүгүр келтиришип, ал аалым менен сыймыктанып келишет.

Мусулманкул ажынын 6 уулу, 6 кызы, 64 небереси жана 10 чебереси бар. Балдарынын баарына татыктуу жакшы тарбия берип, илимдүү-билимдүү кылып өстүргөн. Балдардын баарын үйлөп жайлаган. Балдарды тарбиялоо милдетин негизинен өмүрлүк жары Айша ( Бөпөн) өтөөр эле. Өмүрлүк жары жолдошунун дин исламга, элге кызмат кылуусуна зор көмөкчү болгон. Аялы үй-тиричиликке байланыштуу бардык маселелерди өзү тейлеп, күйөөсүнүн убактысын алчу эмес.

Мусулманкул ажынын балдарынын арасынан Нематуллах ажы учурда ата жолун жолдоп, ислам динине кызмат кылып келүүдө. Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгында муфтийдин орун басары, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору болгон. Учурда Жалал- Абад облусунун казысы болуп эмгектенүүдө.

Мусулманкул ажы буудай, арпа, нокот, күн карама жана башка эгиндерди эгип, дыйканчылык кылчу. Андан башка дагы мал-чарбасы болор эле. Алардын ичинен кой чарбасын жакшы өнүктүргөн. Ал кишинин эң кызыккан нерсеси ат оюндарына, анын ичинен улак тартышка аябай кызыкчу.  Короосунда дайым 2-3 улакка чабуулчу жакшы аттар багылчу. Улак чапкан 10-15 чабандес балбандарды дайым аттап, тондоп жанына ала жүрчү. Ошондой балбандарды ээрчитип Өзбекстан, Казакстан Республикаларына барып улак чаптырып, маарекелерине катыштырчу. Ошентип ата- бабалардан калган улуттук ат оюндарын өткөрүп келечек муундарга мурас болуусуна да зор салымын кошкон.

Мусулманкул ажы достукка аябай бекем болуп, достукту өтө барктаар эле. “Достошсоңор кыяматтык достордон болгула!”,  – деп көп айтчу. Өзбек, казак, тажик, түркмөн, чечен,  даргин, карачай улутундагы дос-жоролору болгон. Алар менен дайым тыгыз байланышта болуп, катташар эле.

Анын эң жактырбаган нерсеси улуттар аралык бөлүп- жаруу эле. Улутка бөлгөн инсандарды аябай жек көрчү. Бүткүл ааламдын мусулмандары бир тууган дээр эле. Ошондуктан улуттар арарлык бир туугандыкты, достукту, биримдикти чыңдоодо эч күчүн аячу эмес. Эл арасындагы көптөгөн уруш-талаш, араздашууларды шарият жолдорун терең түшүндүрүү менен сот органдарына жеткирбей эле жараштырып чечип койчу. Айрыкча нике бузулуп, үй- бүлөөлөрдүн ажырашып кетүүсүнө каттуу бөгөт болчу.

Мурунку доорлордо мусулмандардын китеби “ Ыйык Куран Каримди”жыйналыш учурунда аны аздектеп замбарга салып, табериктеп көтөрүп чыгышып, жыйналыш бүткөндөн кийин кайра ордуна аздектеп, көтөрүп алып барып коюшчу. Ал замбардагы Кураани каримди белгилүү ислам аалымдары, такыба, таза адамдар гана көтөрүшчү. Демек, ошондой инсандардын катарында 1986-жылдары Россиядан алынып келинген Ислам Халифасы азирети Усман (Алла андан ыраазы болсун) кол жазмасындагы Курани Каримди исламий жыйындарга алып чыгып, Курани Каримди көтөрүп, кайра ордуна алып баруу үчүн дайындалган төрт аалымдын бири болгон.

1990-жылы Жалал-Абад облусунун туңгуч казысы, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп дайындалган. Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятын түптөгөн. Көптөгөн диний эмгектердин ээси жана ислам аалымдарынын устазы. 7 жолку ажы жана жүздөгөн ажылардын үгүттөөчүсү. 1998- жылы  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кеңешчиси болуп дайындалып, өмүрүнүн аягына чейин ислам динине кызмат кылган.

“Ата-эне ыраазы – Алла ыраазы”,  – деп, ата- энени сыйлап, урматтап асыроо керектигин балдарга көп- көп насыят кылар эле.

Мусулманкул ажы 2007-жылы 22-июлда бул дүйнөдөн кайткан. Сөөгү өзү туулуп өскөн Ачы Өрөөнүндөгү Таштак айылындагы көрүстөнгө коюлган.

Устазыбыз Мусулманкул ажы аалымыбыздан Алла ыраазы болсун. Акыретин абад кылып, бейишинен орун берсин! Оомийин.

Даярдаган: Мусурманкулов Канатбек, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси