«Бисмиллах» – ар бир жакшы иштин башаты

Жараткан Алла Таалага шүгүр келтирүү менен бирге аны эстеп, ар бир иштин башында анын колдоосун үмүт кылып “Бисмиллах” деп айткан адамдын ишинде береке болот. Ал эми Жаратканды унутуп, анын аты аталбай башталган иштин берекеси болбой тургандыгы жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Улуу Алланын атын атоо менен башталбаган бардык сөз же иштер берекесиз болот”, – деп айткан.

Башка бир хадисте: “Бисмиллахир-рахманир-рахим менен башталбаган ар бир маңыздуу сөз жана иш берекесиз жана жыйынтыксыз болот”, – деп айтылган.

“Бисмиллахты” кайсы учурда же болбосо кандай иштерде айтуу керектиги жөнүндө кыскача токтоло турган болсок; тамактанууда, сүйлөөдө, даарат алууда, намаз окуганда, мал союу сыяктуу жакшылык иштерди аткарууда колдонуу керек. Ал эми кылмыш жана күнөө болгон жаман иштерди жасоо алдында “бисмиллах” деп айтуу туура эмес жана шариятка төп келбеген аракет болуп саналат.

Азирети Айшанын (р.а.) айтуусу боюнча, күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз (с.а.в.) алты киши менен бирге тамактанып олтурган. Бир маалда айылдык бир араб кирип келди да, тамакка олтуруп эки алым менен тамакты бүтүрүп салды. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Эгерде ушул адам бисмиллах айтканда бул тамак баарыңарга жетмек”, – деп айтты. Дагы бир жолу болсо, тамактангандан кийин тойбой калганын айтышкан адамдарга пайгамбарыбыз (с.а.в): “Тамакты баарыңар чогуу жегиле жана башында Алланын атын эстегиле,  тамагыңар берекелүү болсун”, – деп айткан.

Эгерде тамактануу маалында “бисмиллахты” унутуп калып, тамактануунун жарымына келгенде эсине түшкөн болсо, эмне деп айтуу керектигин Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Бирөөңөр тамак жегенде бисмиллах деп айтсын. Эгерде тамактануудан мурун бисмиллах деп айтууну унутуп калса, бисмиллахи фи аввалихи ва ахирихи (башында да, аягында да Алланын аты менен) деп айтсын”, – деп билдирген.

Ар бир иште “бисмиллах” айтуунун эң негизги себеби, адамды ар түрдүү азгыруулар менен жолдон чыгарууга аракет кылган шайтандын жамандыгынан сактануу болуп саналат. Бул тууралуу Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндалат:

“Куран окуган кезиңде, куулган шайтандан Алла менен сактан”

(Нахл сүрөсү, 98-аят)

Биз жогоруда айтылган аяттын маанисине ылайык, шайтандан сактануу үчүн Алланын атын атоо менен иш баштайбыз. Анткени Алланын аты аталган жерден шайтан качат. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Кимдир бирөө үйүнө кирүүдөн жана тамактануудан мурун бисмиллах деп айтса, шайтан “бул жерде силердин конуп калууңарга мүмкүнчүлүк жок, кечки тамак да жок” деп айтат. Эгерде ал адам бисмиллах айтпай кирсе, анда шайтан (досторуна) бул жерде түнөп калганга мүмкүнчүлүк бар дейт. Эгерде бисмиллах айтпай тамак жесе, анда шайтан (досторуна) “түнөгөнгө жана тамактанууга мүмкүнчүлүк жаралды” деп айтат”, – депбилдирди.

Ошондой эле Жабир бин Абдуллах (р.а.) деген сахаба  Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Үйүңө кирүүдөн мурун бисмиллах айтып, каалгаңы жапкын. Себеби, шайтан бисмиллах менен жабылган эшикти ачалбайт. Бисмиллах айтып чыракты өчүр, идиштериңдин үстүн жана суунун үстүн жаап жүр”, – деген насаатын айтканын риваят кылган.

Урматтуу мусулман бир туугандар, жаман иштен алыс болуу жана шайтандын азгырыктарынан сактануу үчүн ар дайым Аллага шүгүр келтирүү максатында анын атын атап, кыймыл-аракет жасоо керектигин жашообузга калыптандыруу зарыл.

Алла Таала баарыңыздарды өзүнүн түз жолунан адаштырбасын жана ар бир баштаган жакшылык иштерибизди натыйжалуу жыйынтыкка жеткирсин.

Даярдаган: Акпарали уулу Алибек, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси