Ысык-Атада жаңы мечит-комплекс ачылып, пайдаланууга берилди (фото)

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун хатибиятына караштуу Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн  Кеңеш айылында комплекси менен жаңы мечит ачылды. Мечит-комплексте мечит, кыздар билим алуучу окуу корпусу, тигүүчүлүк цехи, компьютердик класс жана  төрт орунду чачтарачкана бар. Аталган комплекске Ас-Сафа фонду демөөрчүлүк кылган.

Ачылыш аземине ЖК депутаты Карим Ханджеза, Кыргызстан аксакалдарынын төрагасы Өмүрбек Уметалиев, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов, райондун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабеков, Кочкорбай айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Усупов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ачылыш аземинде Пайгамбарыбызга (с.а.в) мавлид окулуп, катышуучуларга сый тамак тартылды.