Баткенде каттоо иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суроолорго жооп берилди

Баткен шаарындагы борбордук «Нумани» мечитинде  облус боюнча каттоодон өтө элек мечиттердин имамдарына жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын бухгалтерия жана чарбалык бөлүмүнүн адиси Асанбай ажы Бекматов, КРнын ДИМКнын Баткен облусу боюнча өкүлү Чагылган Юсупов, казынын орун басары Муса ажы Жолдошов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен казыят адистери  катышып, документтерди туура бүткөрүүнүн жол-жоболору түшүндүрүлдү жана мечиттерди каттоо иштеринде жоопкерчиликтүү болуу тапшырмасы берилди.

«Баткен обусунда жалпы 517 мечит болсо, анын 408 и эсептик каттоодон өткөн. Ал эми каттоодон өтө элек мечиттерди  каттоо үчүн учурда ыңгайлуу шарт мүнкүнчүлүк түзүлүп турат. Муфтият, КР ДИМК жана жергиликтүү бийлик органдары колдоп турганда ыкчам иш-аракеттерди жүргүзөлү», – деп билдирди Асанбай ажы. 

Жыйындын жүрүшүндө КМДБнын бухгалтерия жана чарбалык бөлүмүнүн адиси Асанбай ажы Бекматов каттоо боюнча түрдүү суроолорго жооп берди. Ошондой эле каттоо иштеринде алгылыктуу иш алып бара албаган жана кайдыгерлик кылган тараптарга чара көрүлөрү эскертилди.