Тилсиз жоодон жабыркаган мечит оңдолуп, салтанаттуу түрдө ачылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылындагы өрттөнүп кеткен мечит калыбына келтирилди. Тилсиз жоодон жабыр тарткан мечитти оңдоп-түзөөгө жергиликтүү эл жана ТИКА колдоо көрсөткөн. Мечиттин салтанаттуу ачылыш аземи Мавлид кечине карата уюшутурулуп, ага райондун баш имам-хатиби Бактыбек Убабеков, Мүрсел Өзтүрк баштаган Түркия элчилигинен өкүлдөр жана айыл тургундары катышты.

«Кудай насип кылып, мечитибиз кайрадан жаркырап бүткөрүлүп калды. Мечитти калыбына келтирүүгө Кеңеш айылынын тургундары 32 миң доллар чогултса, ТИКА 30 миң доллар бөлгөн. Ошол айылдан Жумабек аттуу агабыз бир миллион сом берди. Мечит Алланын үйү эсептелет эмеспи. Алла Таала «өз үйүн» оңдоп-түзөгөндөрдөн ыраазы болуп, бейиште сарайлар менен сыйласын», – деп билдирди Бактыбек Убабеков.

Ал эми Мүрсел Өзтүрк Курани Каримдин «Аллага жана Анын акырет күнүнө ишенгендер гана мечит курат» маанисиндеги аятты эске салып, куттуу жайдын курулушуна салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.