Таласта диндер аралык диалог боюнча семинар өтүлүп, диний мекемелерге экскурсия жасалды

Талас шаарынын мэриясынын демилгеси менен диндер аралык диалогду бекемдөө максатында семинар уюштурулуп, иш-чарага Талас шаарынын баш имам-хатиби Рысбек ажы Кокумов, укук коргоо органдары, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана ар кайсы конфессия өкүлдөрү катышты.

Семинардын соңунда диний мекемелерге экскурсия жасалып, ар бир дин өкүлү өздөрүнүн дини жана мекемеси туурасында маалымат берди.

Талас шаарынын баш имам-хатиби Рысбек ажы Кокумов борбордук «Ааль аль-Байт» мечитине келген катышуучуларга ислам дини жана мечит тууралуу кыскача информация берди.