Сулумбек ажы Узеналиев: «Чыныгы мусулман эч кимге зыян бербейт»

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура районунун имамдары менен жолугушту. Жолугушууда район аймагындагы мечиттердин каттоосу боюнча райондун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев облус казысына маалымат берди:

 «Бизде каттоого документи даярдалып жаткан эки мечит калды. КМДБнын мечиттерди каттоо бөлүмүнө 5 мечиттин документин тапшырып келдик, калган мечиттердин баары каттоодон өткөн».

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев өлкө боюнча көйгөй болуп жаткан зордук-зомбулук сыяктуу салт-санаага да, динге туура келбеген маселелерге токтолуп, эл менен жолугушууларда, жума баяндарда жана башка иш-чарарларда зордук-зомбулуктун зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин тапшырды.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Чыныгы мусулман тилинен да, колунан да башкаларга зыян жеткирбеген адам» деген. Чыныгы мусулман бардык адамдар менен өз-ара түшүнүшүү, жылуу мамиледе болгонго аракет жасап, эч ким менен талашып-тартышпайт, чыр-чатакка кирбейт жана эч кимге душмандык кылбайт. Чыныгы мусулман ар дайым өз напсиси менен күрөшүп, өзүнүн айып-кемчиликтери менен алпурушкандыктан, башкалардын кемчиликтери менен иши болбойт. Жамандыктарга жакшылык менен жооп кайтарат. Чыныгы мусулман эч кимдин укугун тепсебейт. Зулумга зулумдук менен жооп кайтарбайт. Ар дайым жамандык кылганга жакшылык кылып, жамандык кылуу абийирсиздердин иши деп билип, жакшылыктын соолубас кайнар булагы болуп жашайт. Зулумдук кылбайт. Биз мына ушуларды элге, өзгөчө жаштарга жеткиришибиз керек», – деп билдирди облус казысы.