Ысык-Көлдөгү дин кызматкерлери жаштарга багытталган атайын тренинг жана тегерек столдорду өткөрөт

Ысык-Көл облусунун Ысык Көл районундагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, ага райондун баш имам-хатиби Максат Сейталиев баштаган хатибият жамааты жана райондогу дин кызматкерлери катышты. Жыйында учурдун көйгөйлүү маселеси болуп жаткан жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу сыяктуу маселелер талкууланды.

“Ата-энелер менен биргеликте таалим-тарбия сабактарын уюштуруп, жаш өспүрүмдөрдү ыймандуулукка чакыралы. Атайын органдар менен биргеликте ата-энени, мугалимдерди, улууларды сыйлоого, адептүүлүккө чакыруу менен бирге ичимдик ичүү, чылым чегүү, зына, талап-тоноочулуктун зыяндуулугу ж.б маселелер туурасындагы семинардык сабактарды жандандыруу учур талабы”, – деп билдирди Максат Сейталиев.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тегерек стол, тренингдер уюштуруп турууну эскерткен баш имам-хатиб Максат Сейталиев ар бир имамды тапшырылган ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Мындан сырткары диний терс агымдардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу алкагындагы аткарыла турган иштер боюнча да талкуу жүргүзүлдү.