Таласта дин кызматкерлери жапырт ишембиликке чыкты

«Таза Мурас» акциясынын алкагында облустагы жалпы дин кызматкерлери диний окуу жайларда жана мечиттерде ишембилик өткөрүп, тазалык иш-чарасына активдүү катышты. Казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдсамат уулу ислам дининин тазалыкты туу тутарын белгилеп,

«Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в) тазалыкка өзгөчө маани берип, өтө кылдат мамиле жасаган. Ал куттуу хадистеринин биринде: «Тазалык – ыймандын жарымы»деген. Дагы бир насаатында «Алла таза, аруу! Ал тазалыкты сүйөт» деген. Алланын элчиси денени таза кармоодон баштап, жашаган жеринин, айлана-чөйрөсүнүн тазалыгына чейин үммөтүнө эң сонун үлгү», – деп билдирди.

Эскерте кетсек, «Таза Мурас» өнөктүгүнүн алкагында өткөрүлгөн ишембиликтерге өлкөдөгү 9 казыяттын баары жигердүү катышты.