![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/10/310322715_3332175607057467_6035982837959961049_n.jpg)
«Таза Мурас» өнөктүгүнүн алкагында Баткен облустук мусулмандар казыятынын тапшырмасы менен облус аймагындагы мечит-медреселерде ишембилик өтүп, ага мечит имамдары жана дин кызматкерлери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мечит-медреселердин айланасы ар кандай калдыктардан, таштандылардан жана акыр-чикирлерден тазаланды.
«Мечит-медреселердин тазалыгы биздин жүзүбүз. Андыктан ар бирибиз айлана-чөйрөбүздү таштандылардан арылтсак, ар кандай илдеттерден дагы алыс болобуз. Учурдагы ишембилик алкагында массалык тазалоо иштери жүргүзүлдү”, – деп билдиришти казыят жетекчилигинен.