Борбор калаадагы 69 мечитте тазалык иш-чарасы өткөрүлдү (фото)

Бишкек шаарындагы жалпы мечиттерде ишембиликтер өткөрүлдү. Бул тууралуу билдирген шаар казысы төмөнкүлөрдү кошумчалады: «Мечиттер бул Алланын үйлөрү. Мечиттер канчалык таза болсо, дубалардын кабыл болушу да ошончолук жогору болот. «Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в), «Тазалык – ыймандын жарымы. Дубалардын, ибадаттардын кабыл болуусуна өбөлгө», – деп айткан. Ошондуктан ар дайым  тазалык менен достошолу. Бүгүнкү күнү болуп жаткан ишембилик дээрлик бардык мечиттерде аткарылды. Мындан ары да тазалык иштерин байма бай уюштуруп турабыз.

Кошумча маалымат: Бишкек шаарындагы 4 райондук хатибият ар жылы райондук администрациялар менен биргелешип коомдук жайларды тазалоого катышып келет.