Ош облусунун аймагында массалык түрдө ишембиликтер өткөрүлдү (фото)

Кечээ, 8-октябрь күнү “Таза Мурас” акциясынын алкагында өлкө боюнча ишембилик күнү белгиленип, ага облустагы дин кызматкерлери активдүү катышты. Ишембиликке райондун баш имам-хатибдери, имамдар баштаган мечит жаматы катышып, мечиттердин  айланалары жана жолдор тазаланды. Ал эми медреселердин мугалимдери жана студенттеринен түзүлгөн топ медреселердин айланасын, ошондой эле короолорун тазалашты. 

“Алла Таала Куран Каримде таза жүргөн коомду мактап, “Анда тазаланууну сүйгөн кишилер бар, Алла абдан  тазаларды сүйөт” дейт (Тообо сүрөсү, 108-аят). Ал эми тазалануу пайгамбарыбыздан (с.а.в) калган сүннөт. Ал зат бир эле сөзү менен эмес, өзү да амалда көрсөтүп кеткен. Үйгө келгенде жубайларына жардам берип, үй шыпырып тазалашат эле. Биз ушундай улуу заттын сүннөтүнө эргешүүбүз зарыл», – деди облус казысы Сайидамир ажы Жейналиев.