Ысык-Көлдөгү жалпы мечиттерде ишембилик өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин тапшырмасы менен кечээ, 8-октябрда Ысык-Көл облусу боюнча шаар-райондук хатибияттар имамдар менен биргеликте массалык түрдө ишембилик өткөрүштү.

“Ислам дининде тазалыктын орду чоң. “Тазалык ыймандан”, “Тазалык – ыймандын жартысы”, – деп буйрулгандай, динибиз тазалыкка өзгөчө маани берет. Бүгүн жалпы облустук мечиттерде ишембилик болуп, мечит айланасын тазалоо, иретке келтирүү иштери аткарылды, – деп билдирди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Мечит айланасын тазалоо иштеринен сырткары, кары-картаңдардын, жетим-жесирлердин үйлөрүн да тазалап, айланасын иретке келтирүү иштери аткарылды. 

Муну менен катар эле, ар бир шаар-райондук хатибият карамагындагы мечиттердин кышка даярдыгы, жылуулугу ысык суу менен камсыздоо иштери да активдүү жүрүп жатат.