Чойбек ажы Исакунов КМДБнын Ардак грамотасы менен сыйланды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакуновду КМДБнын Ардак грамотасы менен сыйлады.

«Чойбек ажы илими, адеп-ахлагы жана көп жылдык кызматы менен башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Мындай инсандын артында ыктыда кылып, намаз окуп жаткан сиздер бактылуусуздар. Бул кишинин көп-көп насаатын угуп, дубасын алып калуу керек», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгында эмгектенген дин ишмерлери диний агартуу кербенин уюштуруп, өлкө аймагында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Азирети Муфтий да эл менен жолугушуу өткөрүү максатында Ысык-Көл облусуна барган.