Чүйдөгү мечит-медреселерде тазалык иш-чаралары уюштурулду

«Таза Мурас» акциясынын алкагында Чүй облусунун мечиттеринде жана диний окуу жайларында тазалык күнү жарыяланып, ишембиликтер өткөрүлдү. Ишембиликке ДОЖ мугалимдери, имамдар баштаган дин кызматкерлери жана мечит жамааттары активдүү катышып, диний мекемелердин территориясындагы жайлар таштандылардан арылды.

«Ыйык Курандын Бакара сүрөсүндө: «Алла тообо кылуучуларды жана тазалыкты сактагандарды жакшы көрөт» деген мааниде абдан кооз баяндалган. Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) да көптөгөн хадистеринде мусулмандарды тазалыкка үндөп кеткен. Мисалы, «Алла таза, ошол себептүү тазалыкты жакшы көрөт», «Тазалык ыймандын жарымы» деген сыяктуу хадистер дайыма актуалдуу бойдон калат», – деп билдирди Чүй облусунун казысынын орун басары Кадыр Сагындыков.

Белгилей кетчү жагдай, аталган акциянын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу менен өлкө аймагындагы мечит-медреселерде ишембиликтер өткөрүлдү.