Жалал-Абад облусунда мечит жамааттары ишембиликке чыкты

Жалал-Абад облусунда «Таза Мурас» өнөктүгүнүн алкагында күзгү тазалык иш-чаралары өткөрүлүп, ага жалпы дин кызматкерлери тартылды.  Имамдар баштаган жергиликтүү тургундар мечиттердин ичин жана айланасын  иретке  келтирип, таштандылар чыгарылды.

“Динибиз тазалыктын үстүнө курулган эмеспи. Момун-мусулман моралдык жактан да, физикалык жактан да таза болууга тийиш. Бүгүнкү саамалыктын шарапаты менен мечиттерибиздин айланасын тазалоодон өткөрдүк”, – деп билдирди облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков.

Облус казысынын айтымында, алыскы район жана шаарлардагы мечиттерде да ишембиликтер уюштурулду.