Нарын облусундагы мечит жана диний окуу жайларда ишембиликтер өткөрүлдү

«Таза Мурас» кампаниясынын алкагында Нарын облусунун райондорундагы мечит жана диний окуу жайларда тазалык күнү жарыяланып, ишембиликтер болуп өттү. Ишембиликке аймактардагы дин кызматкерлери, устаздар, имамдар жана жергиликтүү жамааттар активдүү катышып, айлананы таштандылардан арылтышты.

«Мындай ишембилик табиятка болгон аяр мамилени арттырат деп ойлойм. Айлана-чөйрөбүздү акыр-чикир, ыпыр-сыпырлардан тазалоо менен динибиздин дагы бир буйругун орундаткан болобуз. Анткени тазалык бул ыймандан», – деп билдирди облус казысы Эрик ажы Молдокулов.

Эскерте кетсек, Нарын облустук казысы ишембиликтерге катышкан жарандарга терең ыраазычылык билдирди.